Араб тамгаларын окуй алган, Куранга түшкөн, бирок шар окуу, махраж, мад, нун-мим эрежелери же жалпы тажвид боюнча кыйналып жаткан эркектер жана айымдар кирсе болот.
Айымдарды айым устазалар окутат жана текшерет.
Эркектерди эркек устаздар окутат жана текшерет.
Ар бир окуучунун тапшырмасы өзүнө ылайыктуу устаз/устаза тарабынан каралат.
Тажвид группасынын баасы — айына 490 сом.
Голос/видео менен тапшырма тапшыруучу негизги форматта бир ай ичинде каалаганча окуп, даярданып, тапшырма тапшыра бересиз.
Негизги формат видеосабак + голос/видео тапшырма аркылуу өтөт. Сиз окуп жибересиз, устаз/устаза текшерип, каталарыңызды оңдоп, кийинки тапшырманы берет.
Каалоочулар үчүн жандуу жалпы түз эфир варианты да бар. Бул формат жашы улуураак, жай окуган же устаз/устаза менен жандуу майдалап окууну каалагандар үчүн.
Эгер жалгыз окуганда кыйналсаңыз, жашыңыз улуураак болсо, жай окусаңыз да шашпай үйрөнгүңүз келсе же устаз/устаза менен жандуу сабакта майдалап окугуңуз келсе — ушул вариант туура.
Бирок негизги приоритет — голос/видео менен тапшырма тапшыруучу формат. Анда ар бир окуучунун окуусу өзүнчө текшерилет.
Курс 30 пара Куранды окуп бүткүчө уланат.
Максат — бир-эки сабак өтүү эмес, Куранды тажвид менен туура жана ишенимдүү окууга жеткирүү.
Жок. Голос/видео форматтын негизги артыкчылыгы — ар бир окуучунун окуусу өзүнчө текшерилет.
Ката болсо, устаз/устаза кайсы жерден жаңылганыңызды айтып берет. Туура болмоюн кийинки тапшырмага өтпөйсүз.