ТАЖВИД ГРУППАСЫ · 490 СОМ / АЙ

Куранга түшкөндөр үчүн шар жана туура окуу группасы

Куран окуй аласыз, бирок шар окуу, махраж же тажвид эрежелери кыйын болуп жатса — бул группа сиз үчүн
Негизги формат — видеосабак менен даярданып, голос же видео аркылуу тапшырма тапшыруу. Эркектерди эркек устаздар, айымдарды айым устазалар текшерип, каталарын оңдоп, кийинки тапшырманы берип турат.
  • ✅ Айына 490 сом
  • ✅ Негизги формат: видеосабак + голос/видео тапшырма
  • ✅ Эркектерди эркек устаздар, айымдарды айым устазалар окутат
  • ✅ Бир ай ичинде каалаганча окуп, тапшырма тапшыра аласыз
  • ✅ Жайыраак окугусу келгендер үчүн жандуу жалпы түз эфир варианты бар
  • ✅ Курс 30 пара Куранды окуп бүткүчө уланат

Тажвид группасы

Альтернатива: жандуу жалпы түз эфир

490 сом / ай
Эгер жашыңыз улуураак болсо, окууңуз жай болсо да шашпай окугум келет десеңиз, же устаз/устаза менен жандуу майдалап түшүндүрүлгөн сабак кааласаңыз — ушул вариантты тандасаңыз болот.
  • ✅ Устаз/устаза менен жандуу түз эфирде окуйсуз
  • ✅ Группа менен бир ритмде барасыз
  • ✅ Темалар майдалап түшүндүрүлөт
  • ✅ Жайыраак окугандарга ылайыктуу
  • ✅ Жалгыз окуй албай кыйналгандарга ыңгайлуу
  • ✅ Бул негизги формат эмес, жандуу окууну каалагандар үчүн альтернатива

Тажвид курсу кандай өтөт?

Негизги форматта сиз сабакка убакыт байланбайсыз. Видеосабакты көрүп даярданасыз, анан окууңузду голос же видео менен жибересиз. Эркектерди эркек устаздар, айымдарды айым устазалар текшерет.
  • 1️⃣ Видеосабакты өзүңүзгө ыңгайлуу убакта көрөсүз
  • 2️⃣ Берилген жерди Курандан окуп машыгасыз
  • 3️⃣ Голос же видео менен устаз/устазага тапшырма жибересиз
  • 4️⃣ Устаз/устаза катаңызды айтып, тууралап берет
  • 5️⃣ Туура болсо кийинки тапшырмага өтөсүз, ката болсо кайра машыгасыз

Жандуу жалпы түз эфирде болсо

  • ✅ Сабак белгиленген убакта жандуу өтөт
  • ✅ Устаз/устаза теманы майдалап түшүндүрөт
  • ✅ Группа менен чогуу окуп, бир ритмде жүрөсүз
  • ✅ Жашы улуураак же жалгыз окуганда кыйналган окуучуларга ыңгайлуу

Эмне үчүн голос формат тезирээк результат берет?

Тажвидде негизги максат — сабакка катышып коюу эмес, окууну оңдотуп, шар жана туура окууга жетүү. Ошондуктан негизги приоритет — видеосабак + голос/видео тапшырма форматы. Жалпы түз эфир болсо жайыраак окууну каалагандар үчүн альтернатива.

Жалпы түз эфирде

  • ❌ Баары белгилүү убакта чогуу катышат
  • ❌ Группа темпине жараша жайыраак жүрөт
  • ❌ Тез окуган адам башкаларды күтүп калышы мүмкүн
  • ❌ Ар бир окуучунун майда катасына көп убакыт жетпей калышы мүмкүн
  • ❌ Сабак убактысы туура келбесе, катышуу кыйын болот
Бул формат жашы улуураак, жай окуса да шашпай окугусу келген же устаз/устаза менен жандуу майдалап окууну каалагандар үчүн ылайыктуу.

Окуучулардын пикирлери

Окуучулардын жоопторунан алынган пикирлер. Көп айтылган нерселер: түшүнүктүү сабак, катаны оңдоо, ыңгайлуу формат жана тажвидди улантуу каалоосу.
Каталарды оңдоо
★★★★★
“Сабак мени канааттандырат. Устазам шаштырбайт, катабызды өз убагында оңдоп берет.”
Окуучу пикири · Онлайн Куран сабагы
Тажвидге муктаждык
★★★★★
“Мен сиздерден дагы тереңдетилген тажвид курсуна жазылайын дедим эле.”
Окуучу пикири · Тажвидди улантууну каалаган окуучу
Ыңгайлуу формат
★★★★★
“Өтө ыңгайлуу. Иштен калбайсың, үй-тиричилигиң да кете берет.”
Окуучу пикири · Онлайн окуу форматы
Түшүнүктүү сабак
★★★★★
“Устазалар түшүнүктүү, жалпак тил менен түшүндүрөт. Түшүнбөсөк кайра-кайра кайталап беришет.”
Окуучу пикири · Сабактын түшүндүрүлүшү
Видеосабак
★★★★★
“Куран окуу мага оор болчу, бирок видеосабактарды көрүп үйрөнүп жатам.”
Окуучу пикири · Видеосабак аркылуу окуу
Сунуштайм
★★★★★
“Ооба, сунуштайм. Сабак өз убагында өтүлөт, түшүнүктүү берилет, кошумча видеосабактар да берилет.”
Окуучу пикири · Жакындарына сунуштоо

Көп берилген суроолор

❓ Тажвид группасына кимдер кирсе болот?

Араб тамгаларын окуй алган, Куранга түшкөн, бирок шар окуу, махраж, мад, нун-мим эрежелери же жалпы тажвид боюнча кыйналып жаткан эркектер жана айымдар кирсе болот.

❓ Аялдарды ким окутат, эркектерди ким окутат?

Айымдарды айым устазалар окутат жана текшерет.

Эркектерди эркек устаздар окутат жана текшерет.

Ар бир окуучунун тапшырмасы өзүнө ылайыктуу устаз/устаза тарабынан каралат.

❓ Баасы канча?

Тажвид группасынын баасы — айына 490 сом.

Голос/видео менен тапшырма тапшыруучу негизги форматта бир ай ичинде каалаганча окуп, даярданып, тапшырма тапшыра бересиз.

❓ Сабактар жандуу болобу?

Негизги формат видеосабак + голос/видео тапшырма аркылуу өтөт. Сиз окуп жибересиз, устаз/устаза текшерип, каталарыңызды оңдоп, кийинки тапшырманы берет.

Каалоочулар үчүн жандуу жалпы түз эфир варианты да бар. Бул формат жашы улуураак, жай окуган же устаз/устаза менен жандуу майдалап окууну каалагандар үчүн.

❓ Жандуу жалпы түз эфир кимдер үчүн?

Эгер жалгыз окуганда кыйналсаңыз, жашыңыз улуураак болсо, жай окусаңыз да шашпай үйрөнгүңүз келсе же устаз/устаза менен жандуу сабакта майдалап окугуңуз келсе — ушул вариант туура.

Бирок негизги приоритет — голос/видео менен тапшырма тапшыруучу формат. Анда ар бир окуучунун окуусу өзүнчө текшерилет.

❓ Курс канчага чейин уланат?

Курс 30 пара Куранды окуп бүткүчө уланат.

Максат — бир-эки сабак өтүү эмес, Куранды тажвид менен туура жана ишенимдүү окууга жеткирүү.

❓ Каталарым туураланбай калбайбы?

Жок. Голос/видео форматтын негизги артыкчылыгы — ар бир окуучунун окуусу өзүнчө текшерилет.

Ката болсо, устаз/устаза кайсы жерден жаңылганыңызды айтып берет. Туура болмоюн кийинки тапшырмага өтпөйсүз.

Куранды шар жана туура окууну бүгүн баштаңыз

Куранга түшүп койгон болсоңуз — эми аны тажвид менен, ишенимдүү жана шар окууга өтүңүз. Негизги форматта окууңуз голос/видео аркылуу жеке текшерилет. Жандуу окууну каалагандар үчүн жалпы түз эфир варианты да бар.
Тажвид группасы · 490 сом / ай · Эркектерге устаз · Айымдарга устаза · Негизги формат: голос/видео менен текшерүү · Альтернатива: жандуу жалпы түз эфир

Баардык сабактар

1-сабак
1-сабак — Арап алфавити жана Махраждары
2-сабак
2-сабак — Арап алфавити жана Махраждары
3-сабак
3-сабак — Алфавитти бекемдөө
4-сабак
4-сабак — Харакаттар (Фатха, Домма, Касра)
5-сабак
5-сабак — Туташууда тамганын формасын өзгөрүүсү
6-сабак
6-сабак — Өзгөргөн формаларды бекемдөө
7-сабак
7-сабак — Сукун жана харакат
8-сабак
8-сабак — Аьйн тамгасын кантип чыгарабыз?
9-сабак
9-сабак — (хаа) ح — тамгасын кантип туура айтабыз?
10-сабак
10-сабак — (хээ) ه — Тамгасын кантип туура айтабыз?
11-сабак
11-сабак — Кошуп окуу үчүн көнүгүүлөр
12-сабак
12-сабак — Кошуп окуу үчүн көнүгүүлөр
13-сабак
13-сабак — Кошуп окуу үчүн көнүгүүлөр
14-сабак
14-сабак — Узун сөздөрдү кантип кыйналбай кошуп окуйбуз?